Санкт-Петербург шаарынын Александров ооруканасында кыргыз жараны орус медайымды бир нече жолу бычактап сайган. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Окуя Большевик метросунда орун алган. 58 жаштагы оорукананын медайымын 27 жаштагы кыргыз жараны бычактап сумкасын алып качкан. Окуя күбө болгон адам кылмышкердин артынан түшүп сумканы кайтарып берген. Жаракат алган медайым оор абалда ооруканага жаткырылган. Милициянын ыкчам аракет көрүү тобу кылмышкерди кармап, тергөө абагына киргизген.
Пикирлер (1)