Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Санкт-Петербургдагы ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча 20га жакын документке кол коюлду

26.12.2023 14:34
539
Санкт-Петербургдагы ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча 20га жакын документке кол коюлду


Күн мурун, 25-декабрда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- “ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча «Иш-чаралар планы жөнүндө (“жол картасы”)” тескеме.

- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясы.

- Евразия экономикалык бирлигинин 2024-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттары жөнүндө чечим.

- “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы жөнүндө” чечим.

- "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда жеке курам жана милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө" чечим.

- “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын жана аларды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө” тескеме.

- "2024-2025-жылдарга карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" чечим.

- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө 2017-жылдын 11-апрелиндеги өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

- "Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

- "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

- "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечим.

- “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жакындаштырууга тийиш болгон табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жөнүндө” тескеме.

- "Евразия экономикалык бирлигинин органдарына төрагалык кылуу жөнүндө" чечим.

- "Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьяларынын кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө" чечим.

- "Евразия экономикалык бирлигинин бюджети жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечим.

- "Евразия экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" чечим.

- "Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн