Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сапар Исаков 43 жашта. Экс-премьер-министр тууралуу кызыктуу фактылар

29.07.2020 10:07
2505
Сапар Исаков 43 жашта. Экс-премьер-министр тууралуу кызыктуу фактылар


Бүгүн экс-премьер-министр, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Сапар Исаков 43 жашта. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.


-  Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргызстандын эл аралык университетин аяктаган;


-  1999-2003-жылдары — Кыргызстандын эл аралык университетинде мугалим болуп иштеген;


- 2003–2007-жылдары — КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болгон;


- 2007-2009-жылдары — өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жана сырткы байланыш бөлүмүнүн башчысы;


- 2010-жылы— Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси, андан соң президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;


- 2011–2017-жылдары — Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;


- 2017-жылдын 31-январынан тарта — Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;


- 2017-жылдын мартында өлкө башчынын буйругу менен президентинин аппарат жетекчилигине дайындалган;


- 2017-2018-жылдары — премьер-министр болуп иштеген;


- Жубайы илимдин кандидаты. Экөө төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болушкан;


- 2020-жылдын 9-июнунда Биринчи май райондук соту тарабынан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жолдош
Туулган кунубуз бир экен иним
Кубан Байсеркеев
Билимдуу,таза кадыр эле убалына Атамбаев калды
Сапар жакшы иштедин биздин сендей кадр жетишпейт ,тезирээк чыгышына кудайдан тилейбиз
Исаева Гульнара Сапар туулган кунун кут болсун ден соолукта болсон баарын женеси