Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сапар Исаков чабуул болгонун айтып кайрылуу жолдоду

24.02.2021 11:25
1714
Сапар Исаков чабуул болгонун айтып кайрылуу жолдоду


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасына чабуул болгонун айтып кайрылуу жолдоду. Ал өз кайрылуусунда соцтармактагы баракчасы өзүнө гана тиешелүү экенин айткан.


Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим, кечээ белгисиз себептерден, жеке баракчама чабуул болду. Эмне үчүн, айтпасак да белгилүү.


Сиздердин калоо-тилектериниздерге терең ыраазычылык билдирем. Моралдык жактан чоң колдоо болуп жатат, башымды ийип таазим кылам. Көптөгөн каралоолор бир тараптуу болгонуна байланыштуу,  өз ой-пикиримди жеке баракчам аркылуу билдирип турууну туура көрдүм. Бул баракча жеке өзүмө тиешелүү, эч кандай фейк аккаунт эмес, фейсбук, инстаграм баракчама катталыныздар.


Мен ишенем Кудай буюрса Кыргызстан сөзсүз тез өнүгүп бара жаткан, Орто Азиядагы эң бай өлкөгө айланат.


Баары өз оордуна келет, сөзсүз түрдө Кыргызстандан жолугушабыз,мамлекеттин казынасынан 1 тыйын албаганымды, саясий куугунтук болгонун далилдейм. Сөзсүз түрдө акыйкат орнойт, терең урматым менен Сапар Исаков”, - дейт ал. 

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Сори
Сапар сага ИЙГИЛИК !!! Сендей ЭЛИН ОЙЛОГОН, Элине эмгек кыла турган , сабаттуу , акылдуу Жигитти куугунтуктап каралап жок кылганга аракет кылгандар жыргабасын 🙏🙏🙏Кудайым сага жардам берсин жа Атамбаев ге....
Элмира
Сапар иним! Бул желмогуздардан сак бол. Сендей жаштар Кыргызстанга керек.
Абдыкадырова Кайырбюбю
Сапар, мен башынан эле айтып келем, жакшы жигитсин! Жолун ачык болуп,бул улуу курошто акыйкат женет деп ишенем!
Урмат
Ак ийилет сынбайт дагы эле иштейби же кетип калды беле бизден