Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сапар Исаков эмне үчүн Кыргызстандан качып кеткенин айтты

25.02.2021 15:33
1365
Сапар Исаков эмне үчүн Кыргызстандан качып кеткенин айтты


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу эмне үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенинин себебин айтып, буга өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу түрткү болгонун билдирген. Биз анын билдирүүсүн төмөндө өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:


Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим мени качып кетти, таза болсо качпайт эле деп ар кандай каралоолор болуп жатат.


Мен ачык кайрылуу кылып коюуну туура көрдүм.  9-октябрь күнү менин жеке өмүрүмө коркунуч болуп, унаама ок атылгандыгы баарыңыздарга айтпасамда белгилүү. Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткенге аргасыз болгом.


Жакынкы арада акыйкаттык орноп, сөзсүз сүйүктүү Кыргызстаныбызга кайтып келем деп толук ишенем.


Урматтуу президент, соттор мен сиздерден ачык айкын сот процесстерин өткөрүүңүздөрдү талап кылам. Себеби мурдагы бийлик саясий куугунтук кылып, эч бир далилсиз камаган, азыркы убакытка чейин байлыктарымды, же чет өлкөлөрдөн банктык эсептерден бир тоголок тыйын, же бирөө-жарым пара бергендигин далилдей алган жок. Бул менин тазалыгымдын белгиси, жана саясий куугунтук экендигинен кабар берет.


Урматтуу президент, мен жеке сизден ачык айкын сот процесстерин өткөрүп берүүңүздү суранам жана талап кылам. Тилекке каршы азыр дагы белгисиз себептерден соттук отурумдар жөнү жок жылууда.


Ачык айкын, адилеттүү соттук териштирүү болсо, менин күнөөм жок экени далилденет да, чыныгы ошол убактагы коррупционерлер, чыныгы ТЭЦке күнөөлүүлөр ачыкка чыгат.


Мен ишенем азыркы бийлик, мурдагы бийликтин катасын кетирбейт деп.


Акылман элибиз баарын көрүп билип турат, жана өз баасын берет сөзсүз.

 

Терең урматым менен Сапар Исаков

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
БакаБактыгуль Мурсаева
Айланайын Сапар иним баарыбыз акыйкаттыктыкты кутобуз жана талап кылабыз! Чындыгында Шаримандардын кылган иши болуп жатпайбы, озулорунун артындагы коолорду корбой, силерге шыбоонун аракетин кылып жатышат! Ошол казган андарына оздору тушуп калышын тилейбиз ! Ал кундор деле жакындап калды окшойт ! А сага ак жол!!!
САДЫР МАМЫТОВ
САПАР ИСАКОВ КУНООН БОЛБОСО КАЧПАЙТ ЭЛЕН МИСАЛЫ; РАЙИМ Ж.Б ЧИНОВНИКТЕР КАЧКАН ЖОК, ОБА СЕНИ АЙТЫШАТ ЭЛДЕР КУУ ТУЛКУ ДЕП ТЕС ЖАРЫЛБАГАНДА СИЛЕР ЖООПКО ТАРТЫЛБАЙ КАЛМАК ЭКЕНСИНЕР ЖЕГЕНИНЕР БИЛИНБЕЙ КАЛМАК ЭКЕН ОШОН УЧУН АЙТАТ УКПАЙТ, КОРБОЙТ ДЕП КЫЛМЫШ КЫЛБА ДЕП. КЫЛГЫЛЫКТЫ КЫЛЫП КОЙУП ДАГЫ КЫЛ ЖИП МЕНЕН МУУНТПА ЭЛДИ АЛДАЙМ ДЕП.ЭЛ БИЛЕТ КИМ КАНДАЙ ЭКЕНИН АЗЫР ДАГЫ КОРУП БИЛИП КАРАП ТУРАБЫЗ АЗЫРКЫЛАРДЫ ДАГЫ, ЭМНЕ КАНА КЫЛЫШЫП ЖАТКАНЫН.
Талай Токтобердиев.
Эң туура - 💯%.