Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сапар Исаков кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады

20.07.2021 11:34
1076
Сапар Исаков кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жалпы кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ал социалдык баракчасы аркылуу билдирди. 


"Урматтуу кыргыз элим!

Мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири – Курман айт кылымдардан бери келе жаткан майрам. Бул майрам адамдардын жан дүйнөсүн байытуусуна салым кошуп, кеңпейилдикке, улууларды сыйлоого жана маркумдарды эскерүүгө чакырат. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, кайрымдуулук жана башка ак ниет иштерди жасашат. Биз туугандарыбызды жакшы сөздөр менен эстейбиз, жакындарыбызга мээрим төгөбүз жана келечекке жакшы үмүт менен карайбыз. Бул ыйык майрамда жараткан Аллахыбыз бардык мекендештерибиздин иштерин, ойлогон ой максаттарын ишке ашырсын.


Сиздерди урматтап, Исаков Сапар Жумакадырович!", - деп жазылат куттуктоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн