Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сапар Исаков кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

09.05.2021 11:59
950
Сапар Исаков кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. 

Ал куттуктоосунда Москвада экенин белгилеген.


"Урматтуу мекендештер!

Ардактуу ардагерлер!

Жолдош жоокерлер жана сержанттар! Офицерлер жана генералдар!

Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ардактуу ардагерлер, Сиздердин улуу эрдигиңиздердин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 76 жыл болду. Сиздер кан майданда өлүмгө тик карап, Жеңиш менен кайттыңыздар. Оорукта күн-түн дебей эмгектендиңиздер. Дүйнөлүк тарыхтагы эң катаал согушта адамзатты фашизмдей кара тумоодон сактап калдыңыздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар. Эркин жашоого, жакшы  турмушка жол ачтыңыздар.

Кан жыттанган каардуу согуштан улам алыстаган сайын Улуу Жеңиштин мааниси бийиктеп даана көрүнүүдө. Чындыгында эле бул Улуу Жеңиш! Жакшылыктын - жамандыкты, жарыкчылыктын - караңгылыкты Жеңиши! Тынчтыктын жана бейпилдиктин салтанаты! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш!


Сиздерди терең урматтап Исаков Сапар Жумакадырович!",- деп куттуктаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн