Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сапар Исаков менен Азамат Арапбаев Стамбулда жолугушту

25.05.2021 19:14
3129
Сапар Исаков менен Азамат Арапбаев Стамбулда жолугушту


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев жолукту. Бул тууралуу "Репортёр"  өздүк булактарына таянып  билдирди.


Жолугушу Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, саясатчылар бизнес жаатында сүйлөшүшкөн.


Азамат Арапбаевдин Ош облусунда чоң активдери бар. Алардын ичинен эң белгилүүсү, жубайы Нурсауле Арапбаевага катталган Аравандагы цемент завод. Айрым маалыматтар боюнча, депутаттын мекемесинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен Сапар Исаковдун кызыкчылыгы болгон.


Ошондой эле алар жолугушуу учурунда өз бизнесин Чүй облусунун аймагында кеңейтүүнү сүйлөшүшкөн.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Канатбек К.К
Ассаламалейкум тарыхты карасак мекенибизде аркандай окуляр откон ошолордон сабак албайле кайта каталарды кетирип жатабыз .Исаков озуно керекту сабак алдыбы ?.Мекенине кандай эмне кылып жардам бердим же бере алам деп ойлонобу.? Озун таза деп эсептейби же тарыхта укум тукумунда жаман дегенди калтырдым деп ойлонобу? .Азыркы жаштарда Ар намыз иман уят деген тушунук жоголуп баратат бул абдан окунучту ансыз алдыга онугуш кыйын кийинки мундар кандай болот болдукен.