Сапар Исаковдон жана Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын ПЧР анализинен коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархад Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Сагымбаев жана Канат Осмоналиевдердин анализинен COVID-19дун терс көрсөткүчү чыккан.
Ошондой эле, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун
анализинен да инфекция табылган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн