Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 01:55
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сапар Исаковдун жаңы Фейсбук аккаунту фейкпи?

23.02.2021 19:01
772
Сапар Исаковдун жаңы Фейсбук аккаунту фейкпи?

Акыркы күндөрдө  мурдагы премьер-министр  Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыска билдирүүлөр менен коомчулукка чыга баштады. Буга байланыштуу анын аккаунту фейк дегендер да чыккан. Мындай маалыматтарга Исаков жооп берди. 


"Урматтуу мекендештерим, ардактуу Кыргыз элим,сиздердин каалоо тилектериңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Моралдык жактан чоң колдоо болуп жатат. Башымды ийип таазим кылам. Көптөгөн каралоолор бир тараптуу болгонуна байланыштуу, өз ой-пикиримди жеке баракчам аркылуу билдирип турууну туура көрдүм. Бул баракча жеке өзүмө тиешелүү, эч кандай фейк аккаунт эмес, Фейсбук, Инстаграм баракчама катталыңыздар.


Мен ишенем Кудай буюрса Кыргыз өлкөсү, сөзсүз тез өнүгүп бара жаткан, Орто Азиядагы эң бай өлкөгө айланат. Баары өз ордуна келет, сөзсүз түрдө Кыргыз өлкөсүнөн жолугушабыз, мамлекеттин казынасынан 1 тыйын албаганымды, саясий куугунтук болгонун далилдейм. Сөзсүз түрдө акыйкат орнойт, терең урматым менен Сапар Исаков",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Тазалар качпайт Аралыктан туруп алып актанбайт