Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Сарыбашов: Бишкекте буга чейин башталган иштер сапаттуу курулуп, аягына чыгат

07.08.2021 08:54
1109
Сарыбашов: Бишкекте буга чейин башталган иштер сапаттуу курулуп, аягына чыгат



Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов "Ынтымак-2" паркындагы курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн эс алуу зонасын түзүү боюнча "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканалары иш алып барууда. Долбоор "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгы тарабынан даярдалган.


Жаңы парк фонтан менен кооздолуп, салкын аллея, балдар аянтчасы, импровизацияланган суу агымы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук имараттар каралган.


Мэр буга чейин башталган иштер сапаттуу курулуп, аягына чыгышы керектигин айтты.

"Курулуш иштери сапаттуу болуп, толук аягына чыгышы керек. Көзөмөл күчөтүлөт",-деди Т.Сарыбашов.


Парктын башкы өзгөчөлүгү - бул амфитеатр, анын сахнасы улуттук боз үй формасында курулган.


Үстүнө чатыр орнотулур, көрүүчүлөр үчүн отургучтардын жарымы даяр. Имараттын арткы бөлүгү петроглифтер менен кооздолгон. Жарык берүү системасын камсыздоо үчүн жер астына 5,7 миң метр электр линиялары тартылган. Автоунаа үчүн унаа токтотуучу жай даяр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн