Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сариев: “Жаңы Демди” Матраимовдор каржылайт деген сөздөр ушак

08.06.2020 18:11
1594
Сариев: “Жаңы Демди” Матраимовдор каржылайт деген сөздөр ушак

 

“Жаңы Дем” кыймылын Матраимовдор каржылайт деген сөздөр курулай ушактар. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр, саясатчы Темир Сариев “Говори ТВга” берген маегинде окурмандын суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, ал бул альянс тууралуу жана биригип жаткан саясатчылардын үстүнөн айтылып жаткан ушактарга каршы.

 

Өмүрбек Текебаевдин позициясын билесиңер, кандай маселе болбосун дайыма ачык-айкын пикирин айтып жүрөт. Рыскелди Момбековду да эл билет. Жанар Акаевди бийликтин сөзүнө кирип жатат, деп атышат. Жок, андай эмес. Биздин позициябыз бар, бийликке атаандаштык кылууга мүмкүнчүлүгүз бар. Мен мисалы, бардык жерде калыстыкты айтканга аракет кылам. Көйгөйлүү маселелердин чечилишине аракет кылып, ачык айтууну артыкчылык катары көрүшүбүз керек. Азыр кризис жагдайда турабыз. Антикризистик чараларды кабыл алып, ушактан алыс болуу кажет”, - деп билдирди саясатчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн