Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 12:52
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Сасык тумоодон тез сакаюуга кайсы азыктар пайдалуу?

11.11.2024 10:05
152
Сасык тумоодон тез сакаюуга кайсы азыктар пайдалуу?


1. Глинтвейн (алма менен) чайын ичүү – сиздин организм үчүн өзгөчө күч берет. Бул чайдын курамында корица, кардамон, бадьян, мята, гвоздика, алма ширеси, лимон бар.


2. Мөмө-жемиштердин ширесин түзмө-түз сыгып ичсеңиз, иммунитетиңиздин активдешүүсүнө себепкер болот.


3. Сарымсакты чайнабай эле суу менен ичип, же тамак-аштарга көбүрөөк кошуңуз. Ошондой эле жыттай турган болсоңуз, мурундун бүтүүсүн азайтат.


4. Банан көбүрөөк колдонуңуз. Анткени, бананда көп микро жана макроэлементтер бар. Сиздин тезирээк күч-кубат топтооңузга жардам берет.


5. Тоок шорпосу инфекциялардын күчүн жоготуучу карнозин аттуу аминокислотаны камтыйт. Ошондой эле ал жеңил сиңип, ашыкча энергияны талап кылбайт.


6. Балмуздак жеңиз. Бул сөздү укканда кээ бириңиздер “шок” болушуңуздар мүмкүн, бирок тамак ооруп жаткан учурда балмуздак жесеңиз, тамактагы сезгенүү процесси азаят.


7. Тамак-аштын ордун жаба турган суусундуктарды көбүрөөк ичиңиз. Себеби, сасык тумоо учурунда тамакты аз жеп, суюктукту көбүрөөк исеңиз, тезирээк сакаясыз.


8. Имбирь өзүнүн курамына өтө көп антиоксиданттарды камтыйт. Ошондуктан сасык тумоо учурунда имбирь колдонуу сунушталат. 

Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн