Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөөнү (вакцина) сентябрь айынын аягынан баштап ала башташат.
Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Алгачкы кезекте тобокелдик тобуна кирген адамдарга жасалат. Алар: 65 жаштан жогорку курактагы адамдар, балдар, өнөкөт оорулары барлар, медицина кызматкерлери жана башкалар. Ошондой эле жеке медициналык борборлору менен №6 жана №8 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан вакцинаны акы төлөп алууга болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн