Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сасык тумоого каршы вакциналар аймактарга жеткирилүүдө

16.09.2020 16:31
752
Сасык тумоого каршы вакциналар аймактарга жеткирилүүдө

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатат жана илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алынып келине баштады. 

Эмдөө тобокелчилик тобуна кирген жактарга (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге ылайык) - өнөкөт оорусу барларга, кош бойлууларга, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернатындагы балдарга, медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт.

«Илдет күчөшү ыктымал деп айтылып жатканына байланыштуу эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу жергиликтүү бийлик органдары медицина кызматкерлери менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык иш-чараларды күчөтүүгө тийиш», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. 

Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Эмдөө иштери бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт. Эмдөө иштерин кемчиликсиз уюштуруу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди. 

Жыйындын жүрүшүндө чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткаруу боюнча милдеттемелер коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн