Сауд Арабиясы 1-ноябрдан тарта ажылык сапарга барган чет элдик жарандарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, сыйынууга барган жарандарды үч күндүк карантинге алат. Андан тышкары ажылык сапардагы ар бир жарандын колунда 72 сааттын ичинде өз өлкөсүнөн коронавирус оорусун текшерген анализдин жыйынтыгы болушу шарт.
Пандемияга байланыштуу Сауд Арабия ажылык сапарга жана мечитте сыйынууга март айынын ортосунда тыюу салган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн