Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сауд Арабия Ысык-Көлдүн айланма жолун оңдоого 35 млн доллар насыя берүүгө даяр

25.06.2020 17:06
1685
Сауд Арабия Ысык-Көлдүн айланма жолун оңдоого 35 млн доллар насыя берүүгө даяр


Сауд Арабия Кыргызстанга 35 миллион доллар насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. 


Жыйында депутаттар Кыргызстан менен Сауд Арабиянын фондунун ортосундагы насыялык макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатышат. Насыяга алынган каражат Ысык-Көлдүн айланма унаа жолун кайра калыбын келтирүүгө жумшоо каралган. 


Бакыт Бердалиевдин айтымында, 35 млн доллар насыя 25 жылга берилет. 


"Сауд Арабия насыяны кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен берип жатат. Макулдашууга 2019-жылдын декабрь айында кол коюлган. Жолду кайра калыбына келтирүү улуттук өнүктүрүү стратегиясына кирген" - деди ал. 


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аны
Аны да жеп алышпаса экен.