Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сауд Арабиянын падышасы кыргыз өкмөтү менен элине гүлдөп өнүгүүнү тиледи

09.05.2020 15:45
646
Сауд Арабиянын падышасы кыргыз өкмөтү менен элине гүлдөп өнүгүүнү тиледи


Сауд Арабия Королдугунун Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.


«Жеңиш күнүнө карата Сауд Арабия Королдугунун элинин, өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду  жолдойм жана чың ден-соолук, бакты-таалай, жакшы каалоо-тилектерди каалайм, ошондой эле Кыргызстан өкмөтү менен элине мындан ары гүлдөп өнүгүүнү тилейм», — деп белгиленет телеграммада.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн