Сауд Арабиялык дарыгерлер Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоону пландап жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Королдуктун Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим бин аль-Радинин жолугушуусунда белгилүү болду.
Ведомствонун басма сөз борбору билдиргендей, тараптар саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Элчи падыша Салман атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору Кыргызстанда ноябрь айында акция өткөрүүнү көздөп жатканын айтты – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн муктаж болгон бейтаптарына 100гө жакын жүрөккө бекер операция жасалат.
Бул үчүн республикага 30 адистен турган топ келээри күтүлүүдө. Алар 500 миң доллардан ашык стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келишет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн