Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:41
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Сауд Арабиялык инвесторлор «Камбар Ата-1» ГЭСин долбооруна катышууга кызыкдар

30.11.2022 15:00
315
Сауд Арабиялык инвесторлор «Камбар Ата-1» ГЭСин долбооруна катышууга кызыкдар


Сауд Арабия Королдугунан келген инвесторлор Кыргыз Республикасынын аймагында күн, шамалдан электр энергиясын өндүрүү үчүн биргеликте иштешүүгө кызыкдар. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Сауд Арабия Королдугунун ACWA Power жана FAS Group компанияларынын өкүлдөрү жолукту. 


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын гидроэнергетикалык, энергиянын кайра жаралуу булактарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. 


Кыргызстанга келген компаниянын өкүлдөрү «Камбар Ата-1» ГЭСин долбооруна катышууга кызыктар экенин билдиришип, жеринен барып танышты. Мындан тышкары күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатында Ысык-Көл облусуна барышты. 


Келген инвесторлор Кыргызстандын энергетика тармагынын мүмкүнчүлүктөрүнүн кенен экенин айтышып, кеңешүүдөн кийин кызматташуу боюнча чечим кабыл алынарын белгилешти.


Энергетика министрлиги Кыргызстандагы энергетика тармагына жаңы кубаттуулуктарды киргизүү үчүн Сауд Арабия Королдугунан келген инвесторлор менен биргеликте иштешүүгө даяр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн