Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сауд Арабиясы Кыргызстандын жарандарына электрондук визаларды бере баштайт

07.08.2023 15:42
374
Сауд Арабиясы Кыргызстандын жарандарына электрондук визаларды бере баштайт


Сауд Арабиясы электрондук виза программасын сегиз өлкөнүн жарандарына жайылтууну чечти. Бул тууралуу Arab News кабарлады.


Өлкөнүн Туризм министрлигинин маалыматы боюнча, бул мамлекеттерге Азербайжан, Албания, Грузия, Кыргызстан, Мальдив аралдары, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Африка Республикасы кирген.


Жогорудагы өлкөлөрдүн жарандары зыярат визасын электрондук түрдө же падышалыктын аэропортторунун бирине келгенде тапшыра алышат.


Бул визаны туризм, умра, тууган-урук, досторду зыярат кылуу, ошондой эле бизнес максаттары үчүн колдонсо болот.


Сауд Арабиясынын туризм министри Ахмед Аль-Хатиб: «Сауд Арабиясы сегиз жаңы өлкөгө электрондук визанын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен, дүйнөгө эшигин ачып, падышалыктын бардык зыяратчылары үчүн жеңилирээк жана жөнөкөй саякат тажрыйбасын сунуштоо менен алдыга дагы бир кадам таштоодо», - деп билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн