Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сауд Аравия АКШнын журналист Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу баяндамасын төгүндөдү

27.02.2021 08:02
502
Сауд Аравия АКШнын журналист Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу баяндамасын төгүндөдү

АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Аврил Хейнс 26-февралда АКШ Конгрессине тапшырган баяндамада оппозициячыл журналист Жамал Хашогжинин  өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын бийликтеринин тиешеси болгону айтылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.


Ачыкка чыккан баяндамада Сауд Арабиясынын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман өзү Хашогжинин уурдалышы же өлтүрүлүшү менен байланыштуу тымызын иш-чараны жактырган, деп айтылган. 


Буга байланыштуу АКШ Сауд Аравиясынын 75 жаранына визалык санкция киргизди. Эң кызыгы АКШ журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деген бин Салман аталган "кара тизмеде" жок.

АКШнын бул кадамы дүйнөлүк саясатчылардын талкуусуна жем таштады. Алардын айтымында, ханзаада АКШ үчүн өзгөчө статуска ээ фигура.


Баяндама жарыялангандан көп расмий Эр-Рияд АКШнын баяндамасын жалган деп четке кагып, төгүндөдү.


Эске салсак, 2018-жылы түрк тектүү Сауд жараны журналист Жамал Хашогжи Стамбулда өлтүрүлгөн.

АКШ анын өлүмүнө Сауд Аравиясын айыптап келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн