Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сауд Аравия Королдугу насыяга 35 млн доллар бөлүп берүүдө

04.08.2020 12:47
1215
Сауд Аравия Королдугу насыяга 35 млн доллар бөлүп берүүдө


Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 35 млн АКШ доллары суммасындагы кредиттик каражатты 25 жылга, жеңилдетилген мезгили 5 жылга, пайыздык өлчөмү жылына 1% менен берүүдө.

Финансылык каражаттар Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун узундугу 80.5 км түзгөн Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконтрукциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат. Реабилитациянын жыйынтыгында Корумду — Балбай Баатыр жолу эл аралык маанидеги 4 тилкелүү унаа жолуна айланат. Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалган.

Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки узундугу 80.5 км болгон автожолдун реабилитациясынын жалпы суммасы 128 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 110 млн курулуш иштерине, 4 млн - консультациялык кызматтарга (тендердик документтерди даярдоо жана долбоордун ишке ашыруусунун аткарылышын көзөмөлдөө), 1,50 — унаа жолдорун тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу, 0,34 млн — мобилдүү тараза көзөмөл пункту, 0,5 млн — долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн кармоого; 0,05 млн — финансылык аудит кызматына, 11,6 млн — күтүлбөгөн чыгымдарга.

Долбоордун 93 млн доллардын калган бөлүгүн каржылоо үчүн төмөнкү булактардан насыялык каражаттар алынат:

  1. Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду — 28, 90 млн;

  2. Абу-Даби өнүктүрүү фонду — 22 млн;

  3. Ислам өнүктүрүү банкы — 20 млн;

  4. ОПЕК Эл аралык өнүктүүрүү фонду — 10 млн.
  5. Мындан тышкары КР өкмөтүнүн 12,1 млн АКШ доллар өлчөмүндө кошо каржылоосу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн