Сауд Аравия падышалыгы ажылык жана умра (кичи ажылык) зыяратына баруучуларга жаңы талаптарды чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта ажылык зыяраты эмдөөдөн өткөн жарандар үчүн уруксат берилет.
Ажылыкка Сауд Аравия тарабынан кабыл алынган вакциналардын эки дозасы менен эмдөөдөн өтүш керек.
Мындан сырткары, ПЧР-тест жана өлкөгө барганда 48 сааттык карантинде отуруу талап кылынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн