Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сауд Аравия Өзбекстанга 2,5 млрд долларлык электростанция куруп берет

26.01.2021 10:56
577
Сауд Аравия Өзбекстанга 2,5 млрд долларлык электростанция куруп берет


Сауд Аравия Өзбекстанга баасы 2,5 миллиард долларлык 3 электростанция куруп берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирген.


Белгилүү болгондой , Сырдарыя облусунда кубаттуулугу 1500 мегаватт болгон жылуулук электр станциясы, Бухара жана Навои облустарында кубаттуулугу 1000 мегаватт болгон эки шамал станциялары курулат.


Тиешелүү келишимге Өзбекстандын Тышкы соода жана инвестиция министрлиги жана ACWA Power компаниясы кол койгон.


Келишимге ылайык, Сырдарыя облусундагы электр станциясы 2023-жылдын аягында пайдаланууга берилет. Долбоор 1,2 миллиард долларга бааланган.


Шамал станцияларын куруу 2024-жылы аяктамакчы. Эки долбоордун жалпы суммасы 1,3 миллиард долларды түзөт.


Өзбекстан өкмөтү тарабынан кабыл алынган энергетика тармагындагы инвестициялык программага ылайык, 2031-жылга чейин 30га жакын күн жана шамал электр станцияларын куруу пландалууда.


Ошол эле учурда, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 40 пайызы альтернативдүү энергия булактарынан алынат деп болжолдонууда.


Өлкө жыл сайын орто эсеп менен 52 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп, 50гө жакын жылуулук электр станциялары жана гидроэлектростанциялар иштейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн