Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сауд Аравия жашы жете электерди өлүм жазасына тартууну жокко чыгарды

27.04.2020 09:56
918
Сауд Аравия жашы жете электерди өлүм жазасына тартууну жокко чыгарды


Сауд Аравияда жашы жете элек кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка таянсак, падыша Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауддун жарлыгына ылайык, эми 18 жашка чейинки кылмышкерлерди 10 жылдан ашык эркинен ажыратпайт. Бул мыйзам кылмыштын баардык түрүнө тийешелүү экени айтылат.


Ал эми буга чейинки өлүм жазасына тартылсын деп чыгарылган буйруктардын баары эркинен ажыратууга алмаштырылат.


Ошондой эле, 14-апрелде Эл аралык Reprieve уюму Сауд Аравияда соңку беш жылда 800 адам өлүм жазасына тартылганын, алардын жок эле дегенде он үчү жашы жете электер экенин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн