Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Сауд Аравияда мураскер ханзаада өлүм жазасына тартылды

29.06.2021 10:34
729
Сауд Аравияда мураскер ханзаада өлүм жазасына тартылды


Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын жээни, ханзаада Фахд бин Турки бин-Абд Аль-Азиз өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.


Маалыматка ылайык, аскер соту Йемендеги Сауд Аравия күчтөрүнүн мурдагы командири Фахдды чыккынчылыкка күнөөлүү деп тапкан. Бийлик ага өкмөткө каршы төңкөрүштү уюштурууга катышкан деген айып таккан.


Эксперттер Сауд Аравиясынын ханзаадасынын камалышына Мухаммед бен Салмандын тиешеси бар деп белгилешет. Мындай жол менен ал камакка алынган адамдын үй-бүлөсүн мамлекеттик казынаны толтурууга милдеттендирет.


Фахд 2020-жылы сентябрь айында уулу менен кошо камакка алынган.


Бул Сауд падышасынын үй-бүлөсүнө байланыштуу биринчи чуулгандуу окуя эмес. Мураскер ханзаада Мухаммед 2017-жылы кырсыкка учурап, каза болгон ханзаада Мансур бин Мукриндин өлүмүнө дагы тиешеси бар деп болжолдонууда.


Булак: "Супер.кг"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн