Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 09:00
USD
85.35
85.85
EUR
92.40
93.40
RUB
0.870
0.910

Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болду

19.06.2024 13:20
3948
Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болду


Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болду. Бул тууралуу AFP маалымат агенттиги дипломатиялык чөйрөлөрдөгү өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, каза тапкандардын сөөктөрү Меккедеги өлүкканаларга жеткирилди. Алардын 323ү Египеттин жарандары болуп чыкты.

Меккедеги абанын температурасы ажылык сапардын маалында дээрлик 50 градус Цельсияга жетип жаткандыгы айтылды.

16-июнда Reuters агенттиги Сауд Аравияда Иорданиянын 14 зыяратчысы көз жумса, дагы 17си дайынсыз болуп жаткандыгын маалымдаган. Өлүм көбүнчө ысыктан же элдин көптүгүнөн болот.

Агенттиктин маалыматына ылайык, ушу тапта Меккеде 1,8 миллиондон ашык зыяратчы жүрөт.

Шейшембиде Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хосейн Коливанд кеминде 11 ирандык зыяратчы каза болгонун билдирген эле.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн