Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сауд Аравияга жаңы элчи болуп дайындалган Улукбек Марипов кайрылуу жасады

08.02.2022 08:56
649
Сауд Аравияга жаңы элчи болуп дайындалган Улукбек Марипов кайрылуу жасады

Мурдагы премьер-министр, учурда Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси болуп дайындалган Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.


Марипов өзүнүн кайрылуусунда өкмөт башчылыгынан кеткенден кийин үй-бүлөсүнө убакыт бөлгөнүн жана ден соолугун чындаганын билдирди.


Ошондой эле ал элчилик кызматын тууралуу маалымат берди.

"Баарыңыздарга маалым болгондой мен бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөбүздүн Сауд Аравиясындагы элчиси болуп дайындалдым.

Бул кызматта менин эң башкы максатым эки элдин, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү. Ар кандай багытта тыгыз иштешүү.

Элчилик кызматым жакшы жышаан менен башталды. Бишкек-Жидда-Бишкек түз авиакаттам ачылды.

Биз бул каттамды мындан ары өнүктүрүп, Ош-Жидда авиакаттамын ачабыз.


Андан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилесин жакшыртып, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусун жакын арада өткөрөбүз",- деди Марипов.


Мындан сырткары ал өлкө башчысы Садыр Жапаровдун ишенимин актоого толук күчүн сарптай турганын кошумчалады.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сулайманова Жээнбубу
Кызматыныз оркундой берсин алга