Бугу 12, 2024
Убакыт: 12:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сауд Аравиялык инвесторлор Кыргызстанда энергетика тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар

24.02.2022 08:34
482
Сауд Аравиялык инвесторлор Кыргызстанда энергетика тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар

20-февралда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын «Ajlan and Brothers» холдингдер тобунун вице-президенти Хишам Мохаммед Аль-Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы өз ара пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.


«Ajlan and Brothers» тобунун вице-президенти узак мөөнөттүү инвестициялоо үчүн Кыргыз Республикасындагы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагын жана энергетика өнөр жайын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.


Элчи Марипов Кыргыз Республикасынын президенти жана министрлер кабинетинин жетекчилиги тарабынан жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү, ошондой эле ата мекендик жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.


Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Марипов 2022-жылдын 24-27-февралында Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес-форуму жана жарманке көргөзмөсү өткөрүлүшүн эске алып, «Ajlan and Brothers» компаниясын жана анын тобун бул иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн