Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сауд Аравиясы Кыргызстанга 25 тонна курма берди

05.06.2024 16:49
284
Сауд Аравиясы Кыргызстанга 25 тонна курма берди


Бишкекте Сауд Аравиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар жана балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт.

Белгиленгендей, жардам берүү долбоору Король Салман куткаруу жана гуманитарды жардам борбору тарабынан ишке ашырылууда.

Иш-чарага эмгек министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова, Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Король Салман куткаруу жана гуманитардык жардам борборунун өкүлдөрү, жана САПтын Финансы министрлигинин өкүлү Салих Альабдуллах катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн