Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сауд Аравиясы быйыл ажылыкка канча кишиге квота бергени белгилүү болду

24.05.2021 18:13
1575
Сауд Аравиясы быйыл ажылыкка канча кишиге квота бергени белгилүү болду

Сауд Аравиясы 2021-жылы ажылык сапар аткаруу үчүн 60 миң кишиге квота бөлдү. Бул тууралуу "Анадолу агенттиги" сауд өкмөтүнө таянып билдирди. 


Маалыматка караганда, ажылык сапарын аткаруу үчүн бир топ эрежелер киргизилген. 


Жогоруда айтылга 60 миң кишилик квота кайсы мамлекеттер үчүн берилгени азырынча белгисиз. 

Шарттары:

- Ажылык сапарын аткаруучу жаран 72 саат мурда ПЦР-Тест тапшырууга милдеттүү жана алар Сауд Аравиясына барганда 3 күн карантинге алынат

- Өнөкөт оорулары жоктугу тууралуу билдирме

- Акыркы алты айда ооруканада жатып дарыланбагандыгы тууралуу маалым кат

- Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалым кат

- Вакцинанын 1 дозасын алгандарга кеминде 14 болуш керек

- Ажылыкка 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар бара алат

- Шайтанга таш ыргытуу амалын жарандар 50 кишиден турган топ-топ абалында барышат

- Зам-зам суусу жабык болот жана бир жолу берилет


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн