Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 млн долларлык келишимге кол коюлду

24.04.2023 17:37
880
Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 млн долларлык келишимге кол коюлду

23-24-апрелинде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегациясы иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында финансы министри Алмаз Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршаддын ортосунда "Турак жайды каржылоо" жана "Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорлору боюнча кредиттик макулдашууларга кол коюлду. Долбоорлордун жалпы суммасы 130 млн АКШ долларын түзөт.


Долбоорлор муктаж болгон жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Талас районундагы жолдун 92,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн