Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:46
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Саунада жарым жылаңач кыздар менен эс алган милиция кызматкери кызматтан бошотулду

16.05.2023 07:42
792
Саунада жарым жылаңач кыздар менен эс алган милиция кызматкери кызматтан бошотулду

Социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.


2023-жылдын 11-майында социалдык тармактарга белгисиз бөлмөдө формачан милиция кызматкери жана анын жанында жарым жылаңач кыздар отурганы тартылган видео тараган. Видеодо милиция кызматкери Кант шаарындагы сауналардын биринде экени айтылган.


Маалыматка ылайык,  видеого тартылып калган формачан кызматкер, Ысык-Ата райондук ИИБдин кызматкери милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү экендиги аныкталган.


Кызматтык иликтөөнүн корутундусу боюнча Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин 2023-жылдын 13-майындагы буйругу менен: "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын, укук коргоо органдарынын Тартиптик уставын, ИИОнун Ички кызматынын уставын бузгандыгы үчүн, Ысык-Ата райондук ИИБдин МАБдын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д. укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулду.


Мындан тышкары, кызматкерлердин ишине тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн, Ысык-Ата райондук ИИБдин жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерге «катуу сөгүш», «сөгүш» тартиптик жазалары жарыяланган (жалпы 8 кызматкерге тартиптик жазы берилген).


Ички иштер органдарынын коом алдында кадыр-баркына шек келтирген шалаакы жана абийирсиз кызматкерлерден милициянын катарын тазалоо багытында КР ИИО тынымсыз иш алып барууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн