Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Саякатчылар арасында “Ардактуу турист” аталышындагы сынак жарыяланды, - министр

29.05.2020 15:35
2838
Саякатчылар арасында “Ардактуу турист” аталышындагы сынак жарыяланды, - министр


Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу 29-майдагы брифингде министр Азамат Жаманкулов билдирди.


Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн министрлик тарабынан көрсөтүлгөн 10 жайда сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек.


Ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяласа да болот.


Ал эми конкурска катышу үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келүү керек:

1.
Бурана комплекси

2. Өзгөн комплекси;

3. Таш-Рабат тарыхый комплекси;

4. Сары Челек коругу;

5. Манастын күмбөзү;

6. Сан Таш;

7. Сказка каньону;

8. Арсланбап улуттук коругу;

9. Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей-комплекси;

10. Шах-Фазиль күмбөзү.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Айгул
Эн сонун катышуу керек экен
Гулкайыр
Соонун идеа