Бүгүн, 10-июнда саясат таануучу Марат Казакпаев ооруканада каза болду. Бул тууралуу маалыматты № 1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев тастыктады.
Белгилей кетсек, Казакпаев 9-июнда инсульт болуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Марат Казакпаев 2021-жылы мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн