Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан аялдарды колдогон кайрылуу жазды

10.03.2020 11:59
1369
Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан аялдарды колдогон кайрылуу жазды


Кой-Таштагы окуя боюнча айыпталып, ушул тапта абакта жаткан саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков 8-мартта марш учурундагы чагымчылар жана кармалгандар боюнча кайрылуу жолдоду.   


"Бул жылы мен аялдардын укугун коргоп, жарандарды тилектештикке чакырган салтанаттуу акцияга катыша алган жокмун. Менин саясий жана профессионалдык тажрыйбам Кыргызстандагы коом жакыр, акыйкатсыз, ал эми бийлик коррупциялашкандыгын көрсөттү", - дейт ал. 

 

Равшан Жээнбековдун пикиринде, азыр коомдук жашоодо адам укугуна жана эркиндигине олуттуу көз караш менен караган жарандардын жаңы мууну келип жатат.

"Аларга биз өз тажрыйбабызды бере албайбыз, бирок жок дегенде аларга бут тоспостон колдоо көрсөтүшүбүз керек. Жарандык тилектештик бизге улуттук кызыкчылыктарды, өнүккөн, заманбап жаңы Кыргызстанды коргоп калууга жол ачат", - дейт саясатчы өз кайрылуусунда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн