Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Саясатчылар бийлик талашканча, карапайым эл кара нанга зар болуп калбайбы?

02.12.2020 15:07
868
Саясатчылар бийлик талашканча, карапайым эл кара нанга зар болуп калбайбы?

2021-жыл жалаң шайлоолорду өткөрүү менен өтө турган өңдөнүп калды. Демек, өтө саясатташкан жыл болот. 10-январда президенттик шайлоо өтүшү керек. Бирок, бүгүнкү күндөгү саясий кырдаалга караганда, анын бир эле тур менен аякташы күмөндүү болуп турат. Себеби бул жолкусунда мурдагы шайлоолордогудай башка талапкерлерге салыштырмалуу 3-4 эсе мүмкүнчүлүгү жогору талапкер көрүнбөй турат. Ырас, көпчүлүктүн көз алдында Садыр Жапаров тартылып турганы талашсыз. Бирок, аны менен теңтайлаша тургандай эле картина Адахан Мадумаровдо да бар. Андан калса бул жолу аламанга чындап эле аттана тургандар мурдагы шайлоолордогуга салыштырмалуу кыйла көбүрөөк болчудай. Демек, шайлоочулардын добуштары кыйлага бөлүнөт. Натыйжада «ит жыгылыш» болуп, экинчи тур жарыяланышы күтүлөт. Ошентип президенттик шайлоо менен жаз мезгилине чейин алек болуп калышыбыз мүмкүн.



Андан кийин конституциялык реформа боюнча референдум деген маселе турат. Ырас, бул референдум Садыр Жапаров президенттик шайлоодон утуп келсе көтөрүлө турган маселе. Башка талапкерлердин бул багытта аракеттери байкалбайт.


Анан ансыз да мөөнөтү өтүп кеткен парламенттик шайлоону өткөрүү маселеси бар. Аны жаңы келген бийлик кайсыл айга белгилей турганы албетте белгисиз. Эң эле эрте дегенде жай айынын орто чендерине барат.


Мындан сырткары жергиликтүү кеңештердин шайлоолору бар. Бул шайлоолор ушул жылдын апрелинде өтүшү керек эле. Коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылган. Ошентип саясатчыларыбыз жалаң шайлоолор менен алпурушуп жүргөнчө эле күркүрөгөн күз мезгили кирип келет. Алтургай кыштын «кылычы» көрүнүп калышы мүмкүн.


Жалаң саясат жүрүп жаткан жерде албетте экономика унутулат. Жоопкерчилик кимдин мойнунда экени билинбейт. Жогорудагы шайлоолорду өткөрүү үчүн эле бюджеттен жүздөгөн миллиондор суудай агат. Ансыз да бошоп турган бюджетибиз «таптаза» болуп калышы мүмкүн. Анан жаңы келген бийлик (кимиси келсе дагы) колуна сыйкырчы таягын кармап чыкса да бош бюджетти заматта толтура албайт. Бийликке жеткенче алар өтө ишенимдүү түрдө убадаларды кат-катынан бере беришет. Бул биздин саясатчыларга өтө жарашкан сапат. Анан бийликке келип алгандан кийин ал убадаларды бат эле унута салышат.


Азыртадан эле мамлекеттин эсебинен берилүүчү пенсия, жөлөк пул, айлык акы дегендер өз убагында берилбей калышы мүмкүн экенин эске алышыбыз керек. Казына бош, тышкы карыздар кекиртектеп турат. Ага кошумча шайлоолорду, референдумду өткөрүү үчүн жүздөгөн миллиондор керектелет. Ошентип саясатчылар бийлик талашуу менен алек болуп жүрө бергенче, карапайым эл кара нанга зар болуп калышы мүмкүн. Ошондо азыркы «элим, жерим» деп сүйлөп жаткан саясатчылар ар бир кыргызстандыктын үйүнө ун жеткирип бере албайт. Өздөрү үйүндө май чайнап отура беришет. Андыктан азыртадан карапайым кыргызстандыктар өздөрүнүн камын өздөрү көрө бергендери туура. Бизде 30 жылдан бери карай эле элди саясатчылар (чиновниктерди десек да болот) эмес, саясатчыларды эл багып келатат. Олчойто айлык акы алгандар, бекер бензин, бекер автоунаа, бекер медициналык камкордук алгандар чиновниктер. Арзыбаган айлык, пенсия алып, тытынып иштеп чинеовниктерди баккандар - эл. 2021-жылы да жалаң бийликти көксөгөндөрдү кумарын кандыруу үчүн бюджеттен жүздөгөн миллиондор сарпталат. Ырас, ал шайлоолорду өткөрүү керек экени чындык. Ал мыйзамдуу талап. Бирок, ошончо акча бюджеттен сарпталып жаткандан кийин эл камын ойлогон, мамлекетти оңдой ала тургандар гана бийликке келсе деген гана үмүт да.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Тойстан шайлоостан а чонток курук