Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Саясатта эски жүз, жаңы жүз деген пикирлерге кошулбайм, - Темир Сариев

08.06.2020 19:59
1065
Саясатта эски жүз, жаңы жүз деген пикирлерге кошулбайм, - Темир Сариев


“Ата Мекен” – “Жаңы Дем” деген бул платформа, үч партия, эки саясий топ жана жаштар кыймылынын өкүлдөрү кирген шайлоо астындагы жаңы аяльнс. Парламенттик шайлоого мына ушундай аталыш менен чыгалы деп жатабыз, деди мурдагы премьер-министр Темир Сариев “Говори ТВ” агенттигинин түз эфиринде.


Эмне себептен “Ак Шумкар” эмес, “Ата Мекендин алдында түзүлдү?” деген суроого Темир Сариев: “Биринчиден, “Ата Мекендин” тарыхы узагыраак, экинчиден Жогорку Кеңеште фракциясы бар. 2015-жылы мен премьер-министр болуп калып, “Ак Шумкар” партиясы шайлоого катышпай калган. Жанар Акаев башында турган Либералдар партиясы да бул чечимге макул болду”, - деди Сариев.


Ал саясатта эски жүз жана жаңы жүз деген пикирлерге кошулбайт. “Өмүрбек Текебаев экөөбүздө тажрыйба көп, далай ашууларды ашып, кечүүлөрдөн өткөнбүз. Бизде саясаттын суугун, ысыгын, кыйынчылыгын көтөргөн тарых бар. Биздин саясаттагы жолубузду эл билет”, - деди ал.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн