Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

С.Жээнбеков Садыр Жапаровдун кызмат ордунун легитимдүүлүгү боюнча кайрылуу жасады

14.10.2020 09:35
1609
С.Жээнбеков Садыр Жапаровдун кызмат ордунун легитимдүүлүгү боюнча кайрылуу жасады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

 Мамлекет башчысынын кайрылуусу толук берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Кечээ Жогорку Кенештин төрагасы шайланды.

Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат.

Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм.

Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан, бул токтомдор парламентке кайтарылды.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл.

Саясатты токтотуп, ишке өтөлү.

Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды.

Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок.

Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы.

Ошондуктан, парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенем.

Урматтуу мекендештерим,

Кыргызстан – укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет.

Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы».


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Авазов Акжол Нурмаматович
Эмнеге тушунбойт карапайым эл лигитимдуу президент лигитимдуу пм керек бизге айрым саясий кучтор элибизди кандай кана оз кызыкчылыктарына пайдаланып портфел талашып элди ойлобой атат .Элибизди болуп жарып Президентти жамандамыш болуп оздору сулуу мышык болуп олтурушат .
Нурсултан
Сооронбай мырза ар турдуу калп менен элди алдап тил эмизе бербей баарынар туп тамырынар менен жоголуп кетишинер бул элдин каалосу болуп турат, озунуз айткандай жакшына кетип калыныз элдин чыдамы тугонду сиздин калп апыртмаларынызды уга берип