Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Саясий чайкоочулукка жол берилбесин! Президент, өкмөт башчы, төрага эмнени талкуулады?

19.03.2020 09:34
853
Саясий чайкоочулукка жол берилбесин! Президент, өкмөт башчы, төрага  эмнени талкуулады?


Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен жолугушту.


Анда өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абал талкууланды.  Мамлекет башчы Кыргызстан жалпы дүйнө коомчулугу сыяктуу эле олуттуу сыноого туш келип, өлкөдө биринчи жолу коронавирус илдетине кириптер болгондор катталганын белгиледи. Оорунун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында болгон аракеттердин баары жасалып жатканын, Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин жана эки республикалык штаб жигердүү иштеп жаткандыгын айтты.


Ошондой эле Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.


«Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы,  саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.


Төрага Дастан Жумабеков, фракция лидерлери коронавирустун өлкөгө киришине жол бербөө үчүн күрөштө жана аны аныктоодо медиктердин талбаган эмгегин белгилешип, мындан ары да бийликтин бардык бутактарынын эриш-аркак биргелешип иштөөсүнө сунуштарын беришти. Ошондой эле фракциялардын бири врачтарга жардам катары бир айлык эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алгандыгы айтылды.


Депутаттар мамлекет башчысынын коронавируска байланыштуу кайрылуусун колдоого алышып, анын өз маалында болгондугун белгилешти.


Жолугушууда өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо боюнча чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керектиги өзгөчө белгиленди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн