Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Саясый олимпте адам бойдон калган Үсөн Сыдыков, же айтылуу “Үсөн аке” тууралуу...

29.07.2022 18:09
727
Саясый олимпте адам бойдон калган Үсөн Сыдыков, же айтылуу “Үсөн аке” тууралуу...


«Элге кылган жакшылык жерде калбайт»

(Кыргыз эл макалы)


Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков “Бабалар өтөгөн баардык жакшы иштер аталарга, аталардын өтөгөн жакшы иштери балдарга сабак... Ошол жакшы иштерди тануу – колдогу шамчыракты өчүрүп, алга карай басуу менен барабар” деп таккесе айткан экен. Анын сыӊарындай, Атажурт жүгүн артынып, жасап жаткан кадамдарын ар качан жеке кызыкчылык үчүн колдонбостон, коом, эл-журт, түпкүлүгүндө адамзат үчүн, тирүүлүктүн бейпил, тынчтык турмушу үчүн арнаган инсандар шамчырак сыӊары. Алар мезгил закымына жуурулуша арабызда жок болсо да артында калтырган эмгеги, баскан жолу шамчырак сыӊар коомго жарыгын чачып келет. Андай инсандарыбыздын бири Үсөн Сыдыков, же айтылуу Үсөн аке деп айтууга толук негиз бар. 


Үсөн Сыдыков деген ысым Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө өтө олуттуу орунду ээлейт. Ачыгын айтыш керек, Үсөн Сыдыков тууралуу сөз кылуунун өзү татаал. Аны бир жактуулук менен кызылдай мактоо же курулай сынга алуу мүмкүн эмес. Анткени, бул инсан турмушунда күрөшчүл адам болгон. Ал эми күрөш деген сөзсүз эки жээктин айыгышсыз чарпышуу аракети эмеспи. Бирок, Үсөн Сыдыков ошол айыгышкан күрөштөрдө эч качан өзүнүн алсыздыгын көрсөтпөгөн, жеӊишке туйтунган мезгилде өрөпкүбөй, жеӊилүү мөртүндө ызага муунбай, ар качан баардык кырдаалга салкын кандуулук, сергек акыл менен баам сала билген. Анын улуулугу, бийиктиги, мыктылыгы мына ушунда эле. Замандаштары Үсөн Сыдыковду коммунисттик партиянын тарбиясын көргөн, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбалуу, уюштургуч адис экенин баса белгилешет. 


Арийне, 1990-жылы Ошто орун алган кыргыз-өзбек чатагында Үсөн Сыдыковдун ысымы көп аталган. Анткени, так ошол окуяда Кыргызстандын өзбек улутундагы айрым жарандары автономия алуу үчүн аракетке өтүп, “Адалат” аттуу уюм түзүшөт. Буга кыргыз улутундагы жарандар каршы чыгышат. Ошол маалда Үсөн Сыдыков Ош обкомунун 1-катчысы катары кызматка келгенине 20 гана күн болгон экен. Аталган окуя боюнча Ош жергесинде өзбек улутундагылар тарабынын уюштурулган митинг болуп жаткан жерге келип, митингчилерге тике карап туруп: “Мыйзам боюнча мамлекети бар эл башка мамлекетте автономия түзгөнгө акысы жок. Эгерде биздин кыргыздын шарты, турмушу кимдир бирөөгө жакпаса, арыктын аркы бетинде жашасын” деп таккесе жообун айткан. 


Түшүнгөн кишиге Үсөн Сыдыковдун бул сөзү мамлекет бүтүндүгүн чечкиндүүлүк менен сактап калуунун эӊ улуу сабагы болгон. Арийне, эсил СССР кези эмес беле, ал коомдун өз эрежеси, нугу болгон да. Үсөн акенин өлкө бүтүндүгү үчүн болгон аракетинен “улутчулдук” жыт издеген “сасык мурун молдолор” да болбой койбогон. Ага карата ар кыл арыздар жогору жактарга жаап, натыйжада Үсөн Сыдыковдун аракетин Борбордук Комитеттин пленумунда карашып, сөгүш берилет. Андан кийин ишеним көрсөтүү маселесин атайын пленумда 101 обкомдун катчысынын катышуусунда талкууланып, жашыруун добушка салынат. Жыйынтыгында төртөө каршы, экөө калыс болуп, токсон беши “иштесин” деген добуш беришкен. Ошондон кийин Үсөн Сыдыков жөнүндө маселе жабылат. 


Ырас, бул ошол мезгилдин мыйзам, эреже талабына шайкештирилди дейли. Бирок, билген кишиге Үсөн Сыдыковдун Кыргыз мамлекети, анын бүтүндүгү, элинин ынтымакта жашоосу, бейпилдикте күн кечирүүсү үчүн жасаган аракетине карата калыс баа болгонбу? Маселе ошондо... Эми бул жагын СССРдин “эски папкесинде” калтыралы. Анын чаӊын сүртүп, коомчулукка жаркыратып алып чыгар күндөр алдыдадыр.


Кыргызстан эгемендик алганда “жаӊычыл патриоттор” армиясы бийликтин бийик эшелонуна этек-жеӊдерин делбирете эрмешип, алыска чуркоого таноолорун дердеӊдетип киришкенде Үсөн аке өлкөдөгү саясый абалдын күрөө тамырын сезген, кармай билген адам катары саясаттын тегирменин айланткан негизги күчкө айланат. Акаев доорунун алабарман саясаты Кыргызстанды “Демократиялык аралча” деп атап алып, “Жемократия аралчасына” айлантып, арты барып авторитардык режимдин дарыясына арык каза башташканда Үсөн Сыдыковдун мекенчилдик деми жанына жай бербей, бул режим менен күрөштү жүргүзүүнүн заманбап форматына өтөт. 


Кыргызстанды ааламга дүӊ кылып, Акаевди Ала-Тоодон айдап чыгып, анын авторитардык режимин кулаткан революция аныгында 1995-жылдан тарта башталган. Тагыраагы, 1995-жылкы президенттик шайлоодо Абсамат Масалиевдин жеңиштүү жыйынтыгын Аскар Акаев бурмалап, өзүнүн пайызын көбөйтүп, формалдуу президент болгон күндөн баштап күрөш башталган. Мына ошол күрөш 2000-жылы, андан кийин 2002-жылы ырбап, Акаев режимине каршы күрөшкөн бир топ саясатчылар түрмөгө отуруп чыгышкан. Алардын арасында Үсөн Сыдыков да бар эле.


Үсөн Сыдыковдун эгемен жылдардагы саясый аракеттери акыры келип, 2005-жылы “Жоогазын революциясынын” ишке ашышына алып келет. Анткени, ал 2004-жылы күзүндө ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигине оппозиция болгон "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган. Ошол бийлик алмашууда анын ролу кандай болгондугун белгилегендер Сыдыковго өтө жогору баа беришкен. Маселен, аталган кыймылда чогуу жүргөн парламенттин экс-депутаты Исмаил Исаков “эгерде Үсөн Сыдыков болбогондо, Курманбек Бакиев президент болмок эмес. Муну ошол командада жүргөн киши катары айтып жатам. Анткени, кадыры менен биздей кишилерди айланасына топтоп, “ушу баланы колдоп, алдыга жылалы” деди. Бакиев эмес, Сыдыковду сыйлаган үчүн анын президент болушуна мүмкүнчүлүк бергенбиз” десе, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “2005-жылдагы революциянын атасы Сыдыков, апасы Отунбаева болгон” деген пикирлерин жалпыга маалымдоо каражаттарында өз мезгилинде жарыялашкан.


Арийне, Үсөн Сыдыков элге жасаган иши үчүн эч качан төш кагып мактанып, анын акысын ар кимден доолабаган. Ар качан өтө сыпайылык, жөнөкөйлүк сапаты менен гана жеке баамын ортого салып коёр эле. Жогоруда айтылган пикирлерге Үсɵн аке өз кезегинде: “Революция жөн эле болбойт, асфальтта жүргөн 3 миң, 5 миң киши менен революция жасаш кыйын. Досбол Нур уулу экөөбүз 2004-жылы бүткүл Кыргызстандын региондорунда болгонбуз, эл менен жолукканбыз, кээ бир жерлерде 3 миңдеген кишилер чогулган. Мына ушундай аракеттердин жыйынтыгы 2005-жылы бүткүл элдик революцияга чейин өсүп жеткен. Мен эч качан “ыңкылаптын атасымын” деп өзүмдү көтөрбөйм. Революцияны эл жасады. Жанагыдай сөздөр ушундан болсо керек: ыңкылап боюнча көбүрөөк эл ичинде сөз кылган мен болчумун, Нур уулу Досбол ошонун ичинде. Элдин арасында жүрүп, элди ынандырганга жасаган анча-мынча мээнетибиз, эмгегибиз болушу мүмкүн” деп сылык жообун узаткан жайы бар.


Чынында, саясый айдыңда “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү саясый окуянын бышып жетилишине Үсөн Сыдыковдун эбегейсиз эмгеги артып, Курманбек Бакиевдин тактыга отуруп калышына чоӊ роль ойногонуна тарых күбɵ. Эгер ошол мезгилде Үсөн Сыдыков “мен президент болом, революциянын башат-булагы мен болдум” дей турган болсо, ал маалда эч ким анын жолун кыя өтмөк эмес. Президент болууга анын акыл парасаты, тажрыйбасы да толуп-ташып турган маал эле. Бирок, Үсөн Сыдыков ушул жерден да жеке амбициядан мамлекеттин тагдырын жогору коюп, агездеги кырдаалга жараша кадам коё алган. Кыргыз саясатынын ошол доордон тарта ушу таптагы дээрлик саясатчылары ар качан ага аксакал катары келип, кеңешин алып турушканына тарых күбө. Үсөн Сыдыков сыяктуу эл уулунун эмгеги эч качан унутта калбашы абзел! 


Амантур Мусагул уулу, “Де-Факто” гезитинин башкы редактору 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн