Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Саясий партиялардын ролу мындан ары мыйзам менен чыңдалат

13.06.2020 09:32
1069
Саясий партиялардын ролу мындан ары мыйзам менен чыңдалат


Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өткөрдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакиров.

 

Демилгечилер белгилегендей, мыйзам долбоору өлкөнүн турмушундагы саясий партиялардын ролун мындан ары чыңдоого багытталып, 1999-жылдын 12-июнундагы “Саясий партиялар жөнүндөгү” азыр иштеп жаткан мыйзамды, Жогорку Кеңештин 2008-жылдан азыркы учурга чейинки депутаттарынын демилгелерин анализдөөнүн негизинде иштелип чыккан. Ошондой эле мыйзам долбоорун даярдоодо эл аралык уктуктун жалпы принциптери, эл аралык тажрыйба жана башка өлкөлөрдүн мыйзамдары эске алынган.

 

Мисалы, мыйзам долбоорунда саясий партиялар айкын иш алып барып, программалары, уставы, каржылык ишмердүүлүгү, талапкерлерди көрсөтүү эржелери жана партиянын ишине байланыштуу болгон башка маалыматтар ачык болууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, диний жана этникалык негизде партия түзүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бирок, партиянын мүчөлөрү дин ишеними боюнча чектөөгө, дискриминациялоого дуушар болбоосу керек.

 

Парламенттик угуунун катышуучулары депутаттар демилгелеген нормаларды талкуулап, мыйзам долбооруна бир катар сунуштарды жана сын-пикирлерди айтышты. Саясий партиялардын киреше булактарын көзөмөлдөө механизмдери, салыктардын жана социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшү талкууланды. Мыйзамдарды сактабаган учурда саясий партияларды жоопкерчиликке тартуунун механизмдери жөнүндө да маселе көтөрүлдү.

 

Муну менен катар катышуучулар парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынын негизинде саясий партиялардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик каржылоо маселесине көңүл бурушту. Андан сырткары, саясий партияларды чет өлкөлөрдүн, чет элдик физикалык жана юридикалык тараптардын, эл аралык уюмдардын каржылоосуна тыюу салуу боюнча да маселе каралды.

 

Саясий партиялар жыл сайын партиянын сайтында же ЖМКларда каржылык отчет берип туруусу, шайлоону өткөрүү жана референдумдарды уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органга отчет берүүсү керектиги айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн