Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Саясий «винегрет»: эски тамакка жаңы тамакты аралаштырса эмне болот?

08.06.2020 10:54
1455
Саясий «винегрет»: эски тамакка жаңы тамакты аралаштырса эмне болот?

Күрдөөлдүү күздө өтүүчү парламенттик шайлоонун (эгер пандемия тоскоол болбосо) камы башталды. Муну саясий «үлпөт тойлордун» башталганы да байкатып турат. Бири-бирине сыртынан байкоо салган партиялар, карт жана жаш саясатчылар «Кел үйлөнөбүз!» деген сунушту бири-бирине шыбырап турган убак.


Жакында эле «Ата Мекен» партиясынын алдына Жанар Акаев, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков аттуу эски-жаңы саясатчылар бириккенин көрдүк. Албетте, булардын ар биринин өз колдоочулары бар. Ошол эле убакта аларды жининен жаман көргөндөр да жетиштүү. Маселен, Жанар Акаев менен Рыскелди Момбековду «Чындыкты кашкайта айтышат, эч нерседен тартынышпайт» деп мактагандар, Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаевден көңүлдөрү эбак кайт болгон. Акыркы экөөнү сыйлагандар, Ж. Акаев менен Р. Момбековду «популисттер» катары баалашат. Ошентип бул биригүүнүн төрт саясий фигура үчүн оң жана терс жактары бирдей болуп турат. Андан кимиси кандай утушка ээ болору да азырынча белгисиз.


Булардан башка ачык биригүүгө баргандар азырынча боло элек. Бирок, биригүүнүн жолун издеп жаткандар бар. «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов өздөрүнүн катарына акчалуу жаштарды кошууга даяр экендигин социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу бир билдирип чыкканы бар. Кийин кайра акчасы жок, бирок идеяга бай жаштарды да кошууга даяр экенин билдирип келет. Жаңы күч, жаңы дем менен шайлоого барабыз деген лозунгдарды колдонуп келаткандарына бир нече ай болуп калды.


Айтор, саясий баш кошуулардын «сезону» ачылды. Беш жылда бир жолу кайталанып туруучу бул адат бул жолу дагы жасалууда. Көпчүлүк партиялар азырынча «Мага ким сунуш менен келер экен?» деген суроолуу күтүү режиминде. Өкүнүчтүүсү, парламенттик шайлоого аттануу ниетин билдирип жаткандардын арасында чукул өзгөрүүлөрдү жасоого бара ала тургандай жаңы күчтөр байкалбай турат. Балким, шайлоо старты бериле электигинен улам байкалбай жаткандыр. 


Азырынча байкалганы, дагы деле эски жүздөрдүн жаңы лозунгдар менен биригип жатканы гана болуп турат. Анан дагы саясатта чейрек кылымдык тарыхы бар карт саясатчылар менен 5-6 жылдык тажрыйбага ээ жаш саясатчылардын биригип жатканы гана жаңылык. Бирок, алардын биригүүсү парламент босогосун аттаганга чейин гана созулуп калуу коркунучу бар. Буга чейинки парламенттик шайлоолордо да мындай тандемдер болгон. Алардын шайлоо алдындагы ысык мамилелери шайлоодон кийин кандайча бат сууганы да белгилүү. Демек, карт саясатчылар менен жаш саясатчылардын шайлоого чогуу аттануу чечими да элге толук ынаным бербей жатканын жашыруу кыйын.


Эч кимге кошулбаган, мурдагыдай ишке ашпай турган курулай убадалардан алыс, эски саясатчылардын шайлоо алдындагы адаттарын кайталабаган, билимдүү, ошол эле убакта реалдуулукту бекем карманган жаңы саясий күчтөрдү биз бул шайлоодон көрө алабызбы? Азыркы тапта парламентте отурган партиялар жана мурдатан шайлоого катышып келген саясатчылар үгүт иштери маалында эмнелерди сүйлөп, эмнелерди убада кылаарын жатка билебиз. Бизге эми маселелерди убада менен чече тургандар эмес, иш менен чече турган жаңы парламент керек. Демек, кандай парламентке ээ болгубуз келсе, анда ал шайлоочулардын өз колунда. Азырынча чабышка түшө тургандардын арасында көңүлгө толо тургандары өтө аз. Ошол аздыктын ичине киргендер да толук кандуу көңүлгө толо алышпайт. Баягыларды эле кайталап шайлай бергенибиз, кайра эле эски жашообузду тандаганыбыз болорун унутпайлы.


Канатбек Аскаров


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн