Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 17:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Саймаитинин Али Токтакуновго 50 миң доллар бергени тууралуу маалымат бар, - Мамытов

18.06.2020 17:32
2240
Саймаитинин Али Токтакуновго 50 миң доллар бергени тууралуу маалымат бар, - Мамытов


“Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновго кытай жараны Айеркен Саймаитинин акча бергени тууралуу тергөө органдарында маалымат бар, деп билдирди Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча убактылуу комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов вице-спикер Мирлан Бакировдун суроосуна жооп берип жатып.


Анын айтымында, бул иш боюнча күбө болуп жаткан Эркин Сопоковдун УКМКга берген көрсөтмөсүнө ылайык, “Азаттык” медиа мекемесинин иликтөө иштеринин жүрүшү менен Саймаитинин 800 миң АКШ долларын кайтарып алуу кызыкчылыгы болгон. “Токтакуновдун биринчи көрсөтүүсүнөн кийин Хабибулла Абдыкадырдан Саймаити 300 миң доллар, андан кийин 200 миң доллар өндүрүп алганын, ошонун негизинде Айеркен “Али Токтакуновго 100 миң АКШ долларын беришим керек” деп айтканын, ошол акчанын 50 миңин бергенин Саймаитинин жанында жүргөн адам айткан деп Эркин Сопоков көрсөтмө берип жатат”, - деди Мамытов.


Ошондой эле ал бул фактынын чын-төгүнүн тергөө органдары аныктап, далилдеп бериши керек жана юридикалык баа бериши зарыл, деп кошумчалады.


Тергөөчүлөрдүн айтымында, Али Токтакуновго бул акча 2019-жылдын июнь айында Стамбул шаарында берилген. 







Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн