Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы угулду

18.06.2020 16:45
1177
Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы угулду


Жогорку Кеңеште бүгүн, 18-июндагы жыйынында Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы угулду.


Иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов тааныштырды.


Ал Саймаитинин туулган жылы, жери, Кыргызстандын документин мыйзамсыз алышы, ага байланыштуу козголгон кылмыш иши, өлүмү, акча которууларга байланыштуу документтер, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка маселелер жөнүндө баяндама жасады.


Комиссиянын тыянагында «Азаттыктын» иликтөөсүндө келтирилген 700 миллион доллардан ашык акча коңшу Өзбекстандагы базарга тиешелүү экенин же Кыргызстандан импорттук товарлар үчүн чыгарылган акча экендиги белгиленет.


Мамытов акча которууга байланыштуу суроолор менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго кайрылганын билдирип, анын видеокөрсөтмөсүн келтирди.


Мамытов маалымат берип жатып, Саймаити “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновду өзүнүн жакшы таанышы экенин аны менен жакшы мамиледе болгонун тергөө органдарына күбөлөр көрсөтмө берип жатып айтканын билдирди. Ошондой эле журналист ага чоң жардам берип жаткандыгы тууралуу маалымат бергенин Мамытов айтты. Али Токтакуновдун биринчи көрсөтүүсүнөн кийин Саймаити 600 миң доллар пайда тапканын, эми Токтакуновду акчалай ыраазы кылам деп Саймаити айтканын күбөлөр билдиришкен, деп кошумчалады баяндамачы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн