Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Саймаитинин өлүмү. "Азаттыктын" кабарчысы 100 миң доллар алганбы?

02.06.2020 18:16
989
Саймаитинин өлүмү. "Азаттыктын" кабарчысы 100 миң доллар алганбы?


Айэркен Саймаити журналисттер аркылуу Абдукадыр Хабибулага кысым көрсөтүп, карызын өндүрүп алууну ойлогон. Бул туурлауу 2-июнда Жогорку Кеңеште Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу билдирди.


Анын айтымында, Айэркен Саймаити Абдукадыр Хабибула менен болгон чатактан улам Кыргызстандан кетип калган.


Абдукадыр Хабибула менен Саймаитинин ортосунда акча боюнча карама-каршылыктар пайда болгон. 2017-жылдын май айында алар тарабынан өкүлдөр арасында сүйлөшүү жүрүп, ошол жерде Абдукадыр Хабибуланын өкүлдөрү Саймаитиге 3 миллион доллардан ашык доо коюшат. Мунун негизинде тирешүү пайда болуп, Саймаитинин үстүнөн Абдукадыр Хабибуланын өкүлдөрү ИИМ органдарына кайрылышат. Кылмыш иши козголуп, Бишкекке качып, андан кийин Казакстанга, андан ары Түркияга качып кеткен. Бул койгон доолорду мойнуна алган эмес. Күбөөлөрдүн айтымында, Саймаити доо арыздарын коюп, акчаларын өндүрүү максатында журналисттерди жалдап, ошолор аркылуу басым көрсөткөн. "Азаттыкка" да кайрылган экен. Ал маалыматтарды берип баштаган экен. Журналисттерге финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгон", - деди Сагынбек Самиддин уулу.


Ал ошондой эле Айэркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерине кызматташканы үчүн 100 миң доллар төлөгөнүн кошумчалаган.


Өз кезегинде депутаттар күбөөнү суракка алган учурдун видео тастыктоосу керектигин талап кылышты.


Эске салсак, ишкер Айэркен Саймаити 2019-жылдын октябрь айында Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн