Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сегиз шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылды

18.01.2021 11:38
571
Сегиз шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылды
БШК 8 шайлоо тилкесинде президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгы жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз  кызматы билдирди.

Алар: Ош шаарындагы №5901, Кара-Суу районундагы №5584, Нарын шаарындагы №4064, Кадамжай районундагы №8113 добушканалардагы референдумдун, Араван районундагы №5493, Лейлектеги №8004, Кадамжайдагы №8116 тилкелерде президенттик шайлоонун жана референдумдун, Нарындагы №4037 добушканасында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Мындай чечимге добуш берүү, добуштарды саноо, жыйынтык чыгаруу убагындагы эреже бузуулар себеп экени айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн