Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сегизбаев менен Абылгазиев кыйноого кабылдыбы?

02.02.2021 18:48
1080
Сегизбаев менен Абылгазиев кыйноого кабылдыбы?

 Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына барышты. Бул тууралуу  аталган борбордун өкүлдөрү билдирди.


Мекеме өкүлдөрү экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү  Курманбек Дыйканбаев менен жолугушту. Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурунку директору Калысбек Жумаканов, Финполдун экс-башчысы Бакир Таиров, Бишкек ЭЭАнын экс-башкы директору Дүйшөнбек Ирсалиев, "Нават" чайханасынын директору  Сергей Острецов жана жол кыймылын Чүй облусу боюнча мурдагы жетекчиси Шаирбек Бопонов менен сүйлөшүү жүргүзгөн.


УКМКнын СИЗОсунда камалгандардан, анын ичинде жогоруда аталган адамдардан кыйноолор, катаал мамилелер жана камакта кармоо шарттары боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес. Зарыл болгон учурларда медициналык бөлүм өз убагында жардам көрсөтүп турганы белгилүү болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн