25-январь күнү кече жакында болуп өткөн президенттик шайлоодогу талапкер Абдил Сегизбаев УКМКда бир нече саатка созулган сурак берүүдөн кийин камакка алынганы маалым болду. УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы да маалымдалды. Ал Кылмыш-Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иштин төркүнү А. Сегизбаев УКМК төрагасы болуп турган кезиндеги «Белизгейт» чуусуна байланыштуу болуп жатканы коомчулукка түшүнүктүү болуп турат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 14-январда дал ушул окуя боюнча мурдагы депутат Алманбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен 320-берененин негизинде сотко чейинки териштирүү баштылган.
Мындан тышкары Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схемага да шектелип жатканын Башкы прокуратура маалымдаган эле.
Албетте, ким болбосун, мурда-кийин кандай кызматты аркалабасын, эгерде мыйзам бузууларга барган болсо, анда сөзсүз жазасын алышы керек. Эгерде Белиз өлкөсүнөн келди делген документтер жасалма болгон болсо, ал ошол убактагы бийликтин оппоненттерин атайылап каралоого багытталса, анда буга дагы тиешелүү жоопкерчилик каралышы зарыл. Себеби, ал документтерде ошол убактагы Жогорку Кеңештин төрт депутатынын аты-жөндөрү аталган эле. Убагында чындап эле коомдо резонанс жаратып, ал депутаттардын аты-жөндөрүнө бир топ наалаттар да айтылган. Бирок, ал иш аягына чыкпай калган. Андыктан башталган ишти эми аягына чыгаруу милдети бар. Эгерде Белизден келди делген документтер анык болсо, анда айтылган фактылар аныкталса, анда ага да жоопкерчилик каралышы кажет. Эгер жасалма экени аныкталып, жөн эле каралоо аракети жасалган болсо, анда ал документтерди жасагандар да, аны коомчулукка атактабай туруп алып чыгып, ызы-чуу салгандар да жазаланышы милдеттүү.
Мындан тышкары жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схемага катыштыгы бар экени аныкталса, ага да жоопкерчилик каралышын колдойбуз. Бирок, бул аракеттер саясий куугунтукка айланып кетпеши керек. Анын үстүнө камалышы мүмкүн экенин алдын-ала боолгоологон А. Сегизбаев: «Биринчиден, тапшырманы аткарып атышат. Жазга чейин эмне болсо да мени камап, тынчытыш керек болуп атат. Андан кийин отчетун беришет да. Камалды деп. Экинчиси, эртең-бүрсүгүнү да бирдеме алып чыгабы деп коркуп атышат. Дебатта көп нерсе айтылып кетпедиби. Болгон нерселердин баарын айттым. Кандай коррупция, кандай ишмердүүлүк болгонун. Бийликке келгендердин. Дагы бирдемени чукуп чыгат деп коркуп атышат. Үчүнчүдөн, бул- саясий өч алуу», - деп айтып чыккан болчу.
Демек, эми укук коргоо органдары бул саясий куугунтук эмес экенин, чындап эле коррупцияга каршы күрөш, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты орнотуу экенин иш жүзүндө далилдөөлөрү зарыл. Сегизбаевге карата коюлуп жаткан «Белизгейт» жана жер мыйзамдарын бузуу тууралуу коррупциялык схемага байланыштуу териштирүүлөр коомчулукка ачык айтылып турушу маанилүү. Себеби, мында жашыра турган деле жагдай жок. Эгерде Белизден келген документтер жасалма болгон болсо, анын жасалма экенин так далилдер менен коомчулукка жеткирүү шарт. Балким, Белиз өлкөсүнөн да кат аркылуу жооп алса болот.
Биз улам кезектешип алып саясий куугунтук жасоо менен алектенген өлкө эмес, чындап коррупцияны жоюуга кадам таштаган өлкө катары дүйнө коомчулугуна таанылганыбыз туура. Сегизбаевден башка дагы толтура коррупцияга, кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга шектеле тургандар арбын. Эгерде алар бүгүнкү бийлик менен тил табышып, кызматташууга баруу менен жоопкерчиликтен сырткары кала турган болушса, анда да нааразычылыктар жаралат. Андыктан жаңы бийликти сындоого жетишип калгандарга карата гана эмес, коррупцияга шектүүлөрдүн баарына жалпы иш козголгонун эл күтүп турат. Ошондо гана саясий куугунтук тууралуу сөз өзүнөн өзү токтойт.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн